Астанада Путинди Токаев өзү тосуп алды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Астанага келди.  Борбор калаанын аэропортунан аны мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы иш сапары  учурунда Путин менен Токаевдин сүйлөшүүлөрү жүрүп, анда казак-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланарын билдирген.

Ошондой эле лидерлер видеоконференция аркылуу Костанайда өтө турган эки өлкөнүн аймактар ​​аралык кызматташуусунун 19-форумуна катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Эмарк Групп» компаниясынын ээси камакта калды

«Эмарк Групп»  курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов 4-январга чейин камакта калтырылды.  Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту («Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча шектүү катары УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Жаза аткаруу кызматынын №21 абагында кармалууда Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн