Бишкекте  Абсамат Масалиевди эскерүү иш-чарасы өттү

Автор

Бишкекте белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эскерүү  иш-чарага төрага Нурланбек Шакиев катышкан.

Иш-чарада улуу инсандын өрнөктүү өмүрү тууралуу сөз кылган төрага Нурланбек Шакиев: “Абсамат Масалиевич жөнөкөй жумушчудан башталган эмгек жолун талыкпаган аракет менен улантып, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин татыктуу басып өткөн. 1985-1991-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Биринчи катчысы болуп иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Бийик адамгерчилиги жана тазалыгы менен айырмаланган көсөм жетекчи кандай кырдаал болбосун, жеке кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгон. Көп улуттуу Совет мамлекети ыдырап, Кыргыз Республикасы түптөлгөндө да элдин эркин сыйлап, эгемен өлкөнүн эртеңи үчүн кызмат кылган. Андыктан, даңазалуу саясий ишмердин өмүрү мамлекеттик кызматка аттанган ар бир адам үчүн үлгү”, – деди.

Муну менен катар Эл баатырынын быйылкы 90 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде өтүшү керектигин айткан Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеште да бул боюнча тийиштүү иш-чаралар мерчемделгенин маалымдады.

Андан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун алып баруусунда өткөн эскерүү иш-чарасында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев да сөз сүйлөштү.

Бөлүшүү:
Next Post

 Жеңиш күнүнө карата согуш  ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөнүүчү 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүү  тескемесине  кол койду. Бул тууралуу  президенттин администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун  68 ардагери жашайт. Алардын ичинен: 12 – Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары; 35 – Улуу Ата Мекендик […]

Сизге жагышы мүмкүн