Бүгүн Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо башталат

Автор

Бүгүн, 8-апрелде 2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,
II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.
1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:
– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.
Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап, 30-августка чейин иш күндөрү саат саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт. Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда 64 миң адам көчүрүлдү

Казакстанда суу каптоодон улам 64 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү башкармалыгынын башчысы Кахарман Оразалин билдирди. Актөбө, Костанай, Павлодар, Акмоло, Атырау жана Түндүк Казакстан облустарында 3391 жеке үй, 1059 даана жана 79 ар кандай багыттагы имараттар суу астында калды. «Учурда 63 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн