Барак анклавы Өзбекстанда калып, тургундар көчүп келишти

Автор

Өзбекстандын аймагында калган Барак анклавынын тургундары толугу менен Кыргызстанга көчүрүлүп келди. Ал жердеги 97 турак үй менен 8 социалдык объектилер буздурулуп, жооптуу кызматкерлер тарабынан Кыргызстанга ташып жеткирилди. Учурда Барактын 1000 ден ашуун тургуну Кара-Суу районунун Сары-Колот айылынан орун очок алышты. Барак айылы Өзбекстандын Жалал-Кудук менен Коргон-Төбө аймактарынын ортосунда калып, мамлекеттик чек арага 2 км узакта эле. Кошуна өлкө бир тараптуу чек арасын жапканда алар Баткендин Кызыл-Кыя шаары аркылуу өтүп, 300 км жолду басып өтүшчү. Азыр бийлик Барактыктар үчүн Кара-Суунун аймагынан Ала-Тоо жаңы конушун түптөп берүүнү убадалап жатат. Чек араны аныктоо боюнча иш алып барган комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Өзбекстан Барак анклавынын ордуна Кара-Суу районунун чектешкен аймагынан 208 гектар жер бөлүп берген. Президенттин тапшырмасы менен турак жайлар жана социалдык объектилер курулат. Бул үчүн 270 млн сом бөлүнүп берилгени маалым болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Былтыр түрмөлөрдө 33 киши көз жумду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевдин айтымында, 2023-жылы түрмөлөрдө жалпысынан 33 киши көз жумган. Алардын ичинде 5 киши өздөрүн асып алышкан. “Алар ар кандай ооруларынан улам көз жумушту. Биз саламаттык сактоо министрлиги менен учурда тыгыз иш алып баруудабыз. Бирок, бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө аз”,- деди мекеменин төрагасы. […]

Сизге жагышы мүмкүн