Мандат тапшыруу кезеги Искендер Матраимовго келдиби?

Автор

Социалдык тармактар аркылуу өлкөдөгү активдүү жарандар Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун мандатын тапшырышын талап кылышууда. Иниси Раимбек Матраимовдун коррупционер экендиги далилденип, мамлекеттен кымырып алган каражаттарды кайтарып бергендиги, мындан улам бул үй-бүлөгө мамлекеттик кызматтарда орун жок экендиги айтылат.
Айрым маалыматтарда Искендер Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда. Кечээ Раимбек Матраимовго жакындыгы менен билинген депутат Абдувахаб Боронбаев мандатын тапшырып берди. Эми башка депутаттарга да кезек келдиби?

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 104-орунду ээледи

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 104-орунду ээледи. Муну менен “акшумкарлар” алты тепкичке артка кетти. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу. 15-февралда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентине, Франция жана Англия турат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн