Биринчи жолу WORLDSKILLS жумушчу кесиптердин Улуттук чемпионаты өткөрүлөт

Автор

Эртең, 20-февралда кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи өтөт. Мындай маалыматты билим берүү министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министри, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-февралдан 22-февралга чейин ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Улуттук турдун жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланат жана 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышат.
WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Кыргыз Республикасындагы WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары – Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду, өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: “Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.
Убактысы: Салтанат 2024-жылдын 20-февралында саат 9:00до башталат.
Жери: Бишкек ш., Манас проспекти 16, “Novotel” мейманканасынын конференц-залы.
Улуттук турдагы мода технологиясы жана ашпозчулук боюнча мелдештер И.Раззаков атындагы КМТУнун технологиялык институтунун базасында өткөрүлсө, ширетүүчүлүк иши боюнча мелдеш №4 кесиптик лицейинде өтөт.
КМТУда жана №4 кесиптик лицейде съемка жүргүзүүгө аккредитациядан өтүү үчүн “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Айгүл Жунушалиевага кайрылсаңыздар болот, телефон: +996 312 31 72 73

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов Матраимов менен “мамилеси бар” дегенге жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган “Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек”,- деген материалга жооп берди. Ал биздин кабарчыбызга берген маегинде “биз Раимбек Матраимов менен бир райондон болобуз. Бир жерден болгондон кийин бири – бириңди тааныйсың да. Болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн