Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы этабы менен киргизилет

Автор

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы келерки окуу жылында этабы менен киргизиле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, интеграция акырындык менен болот: “Балдарга ашыкча жүк болбошу үчүн бул системаны акырындык менен киргизебиз. Бул боюнча биз көп жылдардан бери иштеп келе жатабыз. Бул бир нече жылдан бери пландалып келген. Билим берүү системасын трансформациялоо мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, анын структурасын өркүндөтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган”.
Догдуркүл Кендирбаева учурда Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ 12 жылдык билим берүүгө этап-этап менен өтүү боюнча жол картанын үстүндө иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

«Мадина» базарындагы кафе жана бастырмалар алынды

«Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган. Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген. Мындан тышкары, Абакан көчөсүнүн 121-дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объектилер ыктыярдуу түрдө алынды. […]

Сизге жагышы мүмкүн