Бирдиктүү салык системасы: Эки айда 2,1 млрд сом чогултулду

Автор

Январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогултту.Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган. Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. 2024-жылдын 1-мартына карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841 субъектке көп.
Товарларды, жумуштарды сатуу жана кызмат көрсөтүү менен алектенген жеке ишкерлер 2022-жылдан баштап 0%дык ставка боюнча салык төлөй алышат. Ошондой эле алар 2022-жылдан тартып бирдиктүү салык боюнча отчет тапшыруудан бошотулушкан.
Белгилей кетсек, эгерде жеке ишкер көрсөтүлгөн убакта кайрадан катталса же башка салыктык режимден салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтсө, бул ставканы колдоно алат. Бул учурда ал сөзсүз ККМди колдонууга милдеттүү, ал эми түшкөн акчанын көлөмү акыркы 12 айда 15 млн сомдон ашпоого тийиш.
Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъекттери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 5 жыл ичинде түшкөн акчадан 0,25% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан сырткары, тигүү өндүрүшүнүн субъекттеринде бул тармакта иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөө жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Орусиялык жаачылар Олимпиадага катышуудан баш тартышты

Орусиялык жаачылар Францияда өтүүчү Олимпиада оюндарына квалификациялык мелдештерге катышпай турганын Орусиянын жаа атуу федерациясынын жетекчиси Владимир Ешеев билдирди. «Биздин спортчулар олимпиадага тандоого катышпайт. Улуттук командада желексиз жана гимнсиз мелдешке чыгууну каалагандар жок”, – деди Владимир Ешеев Буга чейин Эл аралык Олимпида комитети орусиялыктарга оюндарга бейтарап спортчу катары катышууга уруксат берген. […]

Сизге жагышы мүмкүн