Париж-2024: Орусиялык жаачылар Олимпиадага катышуудан баш тартышты

Автор

Орусиялык жаачылар Францияда өтүүчү Олимпиада оюндарына квалификациялык мелдештерге катышпай турганын Орусиянын жаа атуу федерациясынын жетекчиси Владимир Ешеев билдирди.
«Биздин спортчулар олимпиадага тандоого катышпайт. Улуттук командада желексиз жана гимнсиз мелдешке чыгууну каалагандар жок”, – деди Владимир Ешеев
Буга чейин Эл аралык Олимпида комитети орусиялыктарга оюндарга бейтарап спортчу катары катышууга уруксат берген. Ошол эле учурда Олимпиаданын ачылыш аземине Орусия менен Беларустун спортчулары катышууга тыюу салынгандыгы айтылган.
Эске салсак, Парижде жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин болот.

Бөлүшүү:
Next Post

29-марттын аба ырайы

29-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18. Бишкекте […]

Сизге жагышы мүмкүн