Бишкекте карызы бар 6,8 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Автор

Эртең, 26-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу  Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Белгиленгендей, ишкананын “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.

“Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Өмүрбек Бакировдун даттануусу четке кагылды

Бишкек шаардык административдик соту БШКнын экс-депутаты Өмүрбек Бакиров боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Сот экс-депутаттын даттануусун канааттандырган жок. Ошондой эле “Альянс” партиясынын депутаты Фарходбек Алимжанов менен “Ата журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун дипломдоруна байланыштуу ишти Бишкектин административдик соту 3-4-августта ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес. Шаардык сот Фархат Исмаиловдун […]

Сизге жагышы мүмкүн