Кыштын алгачкы күндөрүндө кандай аба ырайы күтүлөт?

Автор

Кыргызстандын аймагында эртең, 1-декабрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин божомолуна таянсак, Бишкекте 1-декабрда түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. 1-декабрда күндүз жана 2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда 1-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда 1-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 6-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жума күнгө карата доллардын курсу

Бүгүн, 1-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89 сомдон болсо, сатуу  89 сом 70  тыйынга  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 16 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн