Атасынын өкүл баласын камаган учур болгон

Автор

“Мени өмүр бою коркутуп келишет. Октябрь РОВДсында 10 жыл тергөөчү болуп иштедим, ал жерде да, 10 жыл коркутушту. Мэрияда иштеп турганда да коркутушту. Азыр мамкурулушта да коркутуп жатышат”,- деп билдирди архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурдан Орунтаев.
Ал баарынан мурда мыйзамдуулукту сактоо керектигин, мындан улам кээде түшүнбөстүктөргө кабылып келгенин белгилеген. “Мурдагы кесиптештерим деле мени ырастайт болушу керек. Атамын өкүл баласын билип туруп, камакка алгамын. Мындан улам атам экөбүз сүйлөшпөй жүргөнбүз. Мэрияда иштеп жүргөндө туугандар менен да мамилелер үзүлдү. Алар менден бирөөлөр үчүн бир нерселерди суранышат. Мен аткарбайм. Анткени, туугандык мамиле менен мамлекеттик жумушту бири – бирине аралаштырбаш керек. Чынын айтсам, азыр менде досторум деле жок калды”,- деген.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөгө атагы чыккан репер мусулман болду

2000-жылдардын кайталангыс репери Лил Жон Рамазан айында мусулманчылыкты кабыл алды. Ал Лос Анжелес шаарындагы Крал Фахт мечитине келип, имамдын коштоосунда “шахадат калимасын” кайталаган. Ырчы мындан ары Ислам дини үчүн жашап, адамдарга жакшылык жайылтууну убадалады. Анын чыныгы аты Джо́натан Мо́ртимер Смит. Бирок, дүйнөгө Лил Джон деген такма аты аркылуу белгилүү болгон. […]

Сизге жагышы мүмкүн