Мирлан Бакиров жаңы кызматка барат

Автор

Өткөн жумада мамлекеттик Мүлк фондунун жетекчилигинен кеткен Мирлан Бакиров жаңы кызматка барат. Ал өзүнүн арызынын негизинде кеткен. Мындай маалыматты экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Мирлан Бакиров айтылуу Раим Матраимовдун жакын адамы катары билинет. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясын жетектеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүнкү доллардын курсу. Бүгүн, 2-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 47 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом 32 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 41 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн