“Бешинчи канал” жана “Пирамида” телеканалдары жоюлат

Автор

“Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдары банкрот болгондугуна байланыштуу жоюлат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө телеканалдардын карызы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун адистери алектенүүдө.

 

“Телеканалдарды Бишкек мэриясынын жана “Кыргызалтын” ААКнын балансына өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон жок”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президентке 34 берене боюнча айып тагылды

Нью-Йорктогу сот отурумунда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 34 берене боюнча айып тагылды. Андан соң сот залынан бошотулду. Ак сарайдын мурдагы башчысы күнөөсүн мойнуна алган жок. Шейшемби, 4-апрелде, Дональд Трамп камакка алынып, сотто айып тагылып, андан кийин бошотулду. Расмий камакка алуу эки саатка созулду. Сотто бул саясатка компромат далилдерди жана […]

Сизге жагышы мүмкүн