Экс-президентке 34 берене боюнча айып тагылды

Автор

Нью-Йорктогу сот отурумунда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 34 берене боюнча айып тагылды. Андан соң сот залынан бошотулду. Ак сарайдын мурдагы башчысы күнөөсүн мойнуна алган жок.
Шейшемби, 4-апрелде, Дональд Трамп камакка алынып, сотто айып тагылып, андан кийин бошотулду. Расмий камакка алуу эки саатка созулду.
Сотто бул саясатка компромат далилдерди жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жашыруу, ошондой эле 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу үчүн жазууларын бурмалоо боюнча айып тагылган.
Айыптардын арасында 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында актриса Сторми Дэниэлске алардын мамилеси тууралуу унчукпай койгону үчүн акча төлөгөндүгүн иликтөөдөн улам келип чыккан.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 5-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 47 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом 20 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн