Күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттады

Автор

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин мониторингинде айтылды.
Ага ылайык, бензиндин АИ-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду. Бензиндин АИ-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, АИ-80 үлгүсү 58-59 сомдун тегерегинде болууда. Дизель наркы жыл башынан бери 69-70 сомдон 72-73 сомго чейин кымбаттады.
Адистер баанын жогорулашын Россиядагы күйүүчү-майлоочу май саткан заводдордогу дүң баалар өсүп жатканы менен байланыштырууда.

Бөлүшүү:
Next Post

9-майда Москвада Жеңиш майрамына кайсы лидерлер барат?

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Москвага келет. Ошондой эле Москвага Жеңиш парадына катышуу үчүн Лаостун, Кубанын президенттери келет. Кызыл аянттагы Жеңиш парадына 9 миңден ашык адам жана 70 техника катышат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн