Беларустун өзүнөн “Илон Маск” чыкты

Автор

Беларуста аскер адамы Starlink системасынын аналогун чогултуп, беларусиялык Илон Маск деген лакап атка ээ болду. Аскер кызматкерлеринин жеке маалыматы ачыкка чыгарылбайт.
Ал америкалык Starlink спутник системасынын өзүнүн аналогун өтө аз акчага жараткан. Мүнөздөмөлөрү боюнча Масктын системасынан кем калышпайт. Өлкө башчысы Александр Лукашенко Брест аймагында аскерлер менен жолугуп, система кандай иштеп жатканы айтылган. “Мисалы, Минсктин кайсы бир жеринде Интернетке кирүү түйүнү бар, система ага спутник аркылуу алыстан кошулат, анан бул интернетти роутер аркылуу таркатат”,-деди аскер офицери.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги мектептер 12-13-октябрда онлайн режимге өтөт

12-13-октябрда Бишкектеги мектептер менен бала бакчалары жабык болот. Бул тууралуу мэриянын билим берүү Департаментине билдиришти. Маалыматка караганда, мектептер онлайн режимде ишин уланта берет, ал эми бала бакчалар ишин убактылуу токтотуп турат. Айта кетсек, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал эми 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин […]

Сизге жагышы мүмкүн