Деңизден чалгындоо учагын алып чыгуу аракети жүрүп жатат

Автор

Орус бийлиги Кара деңизде аскерлер бир күн мурда кулаган америкалык MQ-9 Reaper чалгындоо учагынын сыныктарын түбүнөн алып чыгуу операциясы жүрүп жатканын тастыктады. АКШ администрациясынын өкүлдөрү муну жасоо өтө кыйын болорун, учкучсуз учактагы бардык баалуу маалымат жок кылынганын ырасташууда.
Кара деңиздин үстүндөгү окуя боюнча эки өлкөнүн коргоо министрлери Ллойд Остин менен Сергей Шойгу, башкы штабдын башчылары Марк Милли менен Валерий Герасимов телефон аркылуу сүйлөштү.
Шойгу АКШнын учкучсуз учактарынын Крымдын жээктеринде учуусу чагымчыл мүнөздө болуп, кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Остин АКШ эл аралык мыйзам уруксат берген жерде иштей берерин, өзүнүн аскердик учактарын кесипкөй жана коопсуз башкаруу Россиянын жоопкерчилигинде экенин айтты.
Буга чейин АКШ өзүнүн MQ-9 Reaper чалгындоочу учкучсуз учагы шейшемби күнү Кара деңиздин нейтралдуу бөлүгүндө асманда россиялык Су-27 согуштук учагы менен кагылышып, сууга кулаганын билдирген. Россиянын Коргоо министрлиги кагылышууну четке кагып, пилотсуз учак Крымды көздөй өчүрүлгөн транспондерлер менен учканын ырастоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд адабий сынак жарыялады

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд адабий сыйлыкка сынак жарыялады. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки  (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Конкурстук чыгармалар 2023-жылдын 15-мартынан 15-майына чейин кабыл алынат. Байге фонду – 200 000 (эки жүз миң) сом. Гран-при – 100 000 сом […]

Сизге жагышы мүмкүн