Бишкектеги мектептер 12-13-октябрда онлайн режимге өтөт

Автор

12-13-октябрда Бишкектеги мектептер менен бала бакчалары жабык болот. Бул тууралуу мэриянын билим берүү Департаментине билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептер онлайн режимде ишин уланта берет, ал эми бала бакчалар ишин убактылуу токтотуп турат.

Айта кетсек, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал эми 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия оюндары: Кыргызстан медалдык эсепте 18-орунду ээледи

Кыргызстандын улуттук курама командасы XIX жайкы Азия оюндарында  медалдык эсепте 18-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене трабия жана спорт департаментинен билдиришти. Оюндарга Кыргызстандын 162 спортчусу спорттун 23 түрү боюнча катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи. Ал эми биринчи орунду […]

Сизге жагышы мүмкүн