Беларуссиянын тарыхындагы биринчи космонавтка жогорку сыйлык ыйгарылды

Автор

Эгемен Беларуссиянын тарыхындагы биринчи космонавтка жогорку сыйлыкты 11-апрелде Эгемендүүлүк ордосунда салтанаттуу аземде мамлекет башчысы Александр Лукашенко тапшырды.
Президент Марина Василевскаяга «Беларуссиянын Баатыры» медалын, космонавт күбөлүгүн ыйгарды. Иш чарага космоско учуунун уюштуруучулары, кыздын ата-энеси катышты. Мамлекет башчысы аларга президенттин ыраазычылык катын тапшырды.
“Беларусиянын Баатыры” эң жогорку даражадагы наам. Сыйлык өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн жасаган эрдиги, мамлекетке жана коомго кошкон өзгөчө кызматы үчүн бир гана жолу ыйгарылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан коло утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти. Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды […]

Сизге жагышы мүмкүн