Президенттин атасынын жаңы шаары качан ачылат?

Автор

Бердымухамедов атасынын ысымы ыйгарылган Аркадаг жаңы шаары боюнча жыйынга катышты.
Маалыматка караганда, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынын өткөрүп, Аркадаг шаарынын курулушунун экинчи фазасынын түптөлүшүнө байланыштуу иш-чарага катышты.
Шаардын курулушун эки этап менен жүргүзүү пландаштырылган.  Азыр анын курулушунун биринчи этабы аяктап, кечээ экинчи этабы ишке берилди.
«Биринчи этабынын алкагында 336 заманбап имарат курулду, анын ичинде эки жана көп кабаттуу жайлуу турак-жайлар, коомдук, билим берүү, медициналык жана маданий мекемелер, спорттук имараттар жана инженердик системалар бар»,-деп айтылат маалыматта.
Шаардын курулушунун экинчи этабын салуу аземинде түркмөн президенти Аркадагтын ачылышы июнь айынын аягында, өлкөдө Курман айт майрамы 28-30-июнга чейин болорун айтты.
Аркадаг шаарын курууну түркмөн элинин улуттук лидери,  экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов баштаганы белгиленген.  Долбоор 2019-жылы башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 16-июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.5 сом  болсо, сатуу  87.9 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 59 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн