Баткен облусунда 32 мечит, 5 медресе жабылды

Автор

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары, 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 материал маалыматтарды каттоо журналына катталды.

УКМКдан белгилешкендей, Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп, белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний билим берүү мекемелеринде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу эсептелет.

Топтун курамына УКМК, ИИМ, ДИМК, Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтеринин, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Башкыархитектуранын өкүлдөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү кирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин жана Ирактын премьер-министри Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулайт

Ирактын премьер-министри Мохаммед ас-Судани Москвага иш-сапары менен келди.  Премьер-министрдин учагы Внуково-2ге конду. Ирактын өкмөт башчысын Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Михаил Богданов, ошондой эле Россиянын Ирактагы элчиси Эльбрус Кутрашев тосуп алды. Шейшембиде Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Ирактын премьер-министри […]

Сизге жагышы мүмкүн