Кыргызстан боюнча жыл аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет

Автор

Кыргызстан боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектептин курулушу башталган.

“2023-жылдын аягына чейин бүткөрүлө турган 100 мектептин ичинен жңы окуу жылына карата 36сынын курулушу бүтүп, даяр болот”, – деди ал.

 

2023-жылдын аягына чейин бүтө турган 100 мектеп:

 

Чүй облусу – 12 мектеп;

Баткен облусу – 10 мектеп;

Жалал-Абад облусу – 20 мектеп;

Ысык-Көл облусу – 12 мектеп;

Нарын облусу – 8 мектеп;

Ош облусу – 30 мектеп;

Талас облусу – 8 мектеп.

 

2023-жылдын 1-сентябрына 36 мектеп колдонууга берилет:

 

Чүй облусу – 7 мектеп;

Баткен облусу – 5 мектеп;

Жалал-Абад облусу – 11 мектеп;

Ысык-Көл облусу – 4 мектеп;

Нарын облусу – 2 мектеп;

Ош облусу – 5 мектеп;

Талас облусу – 2 мектеп.

 

Ал эми сентябрь айынан тартып жылдын аягына чейин калган 64 мектептин курулушу бүткөрүлөт. Алар:

 

Чүй облусу – 5 мектеп;

Баткен облусу – 5 мектеп;

Жалал-Абад облусу – 9 мектеп;

Ысык-Көл облусу – 8 мектеп;

Нарын облусу – 6 мектеп;

Ош облусу – 25 мектеп.

 

Орунбеков кошумчалагандай, бул Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштырып айта турган болсок:

 

2010-жылы 1 мектеп;

2011-жылы 4 мектеп;

2012-жылы 6 мектеп;

2013-жылы 29 мектеп;

2014-жылы 12 мектеп;

2015-жылы 45 мектеп;

2016-жылы 45 мектеп;

2017-жылы 35 мектеп;

2018-жылы 68 мектеп;

2019-жылы 31 мектеп;

2020-жылы 25 мектеп.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттикке талапкер өлтүрүлдү

Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио өлкөнүн борбору Китодогу шайлоо митингинен кийин башына үч ок тийип каза болду. Маалыматтарга караганда, дагы сегиз киши жарадар болгон. Алардын жетөө ооруканага жаткырылган. Прокуратура кол салууга шектелген адам октон алган жаракатынан улам көз жумганын тактады. Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Вильявисенсио президенттик жарышта жеңишке жетиш үчүн жетиштүү […]

Сизге жагышы мүмкүн