Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Автор

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жыл сайын өтүүчү жөө жүрүшүн ачып, сөз сүйлөдү. Белгилүү болгондой, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Өлкөдө 200 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, анын 36 миңи балдар. Президент 2021-2022-жылдары жөлөкпулдун өлчөмүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды караган ата-энелердин жеке жардамчыларына төлөмдү эки эсеге көбөйткөнүн министр билдирди.
“Бул иш-чаралардын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын бюджетине рекорддук 9,2 миллиард сом бөлүндү. Бул каражаттар протездик буюмдарды, жабык коляскаларды жасоого, ден соолукту чыңдоо үчүн жолдомолор менен камсыздоого багытталган жөлөк пулдар жана компенсациялар түрүндө төлөнүп берилет. Алар мекеме тарабынан бекер берилет», — деди министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округундагы шайлоого канча каражат сарпталды?

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Маалыматка ылайык,  шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык 18 млн 636,5 миң бөлүнүп, анын ичинен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды. Пайдаланылбай […]

Сизге жагышы мүмкүн