Акча чогулткан мектеп директорлору иштен айдалат

Автор

Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 25-декабрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.
Анын айтымында, мектептин күнүмдүк муктаждыктарына — бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү.
«Акча алуу токтотулду, камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу Бишкек шаарында болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз», — деди Кендирбаева.

Бөлүшүү:
Next Post

Путиндин визиттик картасы 2 миллион рублга сатылды

Россиянын президенти Владимир Путиндин 1990-жылдардагы визиттик картасы электрондук аукциондо 2 миллион рублга сатылганын Санкт-Петербургдагы аукцион үйүнүн жетектөөчү адиси Финист Цыганков билдирди. «Путин Владимир Владимирович. Эл депутаттарынын Ленинград шаардык Советинин председателинин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси»,-деп жазылган визиттик карточкада. Максималдуу сунуш 2,8 миң рублди түзгөн. Баштапкы баасы 1 миң рубль болгон, […]

Сизге жагышы мүмкүн