Кат жазгыла, биз капага батканда

Автор

Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаты Балбак Түлөбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жазганын айтып, аны жөнөтүү үчүн министрлер кабинетинен жардам сурады.  Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин бүгункү жалпы жыйынында айтты.

Түлөбаев “Кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаев деген жигит эч себепсиз Казакстандын түрмөсүндө жатат. Ушул боюнча кат жаздым эле, жөнөтүү жагын аппарат карап берсин”,-деди.

Ушул жылдын 2-июнунда Казак укук коргоо органдары Алмата шаарындагы “Алтын-Орда” ири базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди кармап, “чөнтөгүнөн наркотикалык зат чыкты”,- деп билдиришкен эле. Кийинчерээк Казакстандык журналист кыздын кокусунан тартып калган видеосу тараган. Анда укук коргоо органдары Эрмек Маркабаевди кармаган учурда наркотикалык затты чөнтөгүнө салып атканын көрүүгө болот.

Бөлүшүү:
Next Post

 Лионель Месси "Алтын топ -2023" сыйлыгын алышы мүмкүн

30-октябрда  Франциянын France Football жумалыгы дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна кезектеги “Алтын топ – 2023” сыйлыгын тапшырат.  Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары  дүйнө чемпиону Лионель Месси  татыктуу экендигин байма-бай жазышууда. “Алтын топ”  сыйлыгын тапшыруу аземи 30-октябрда Парижде өтөт жана атак-даңктын бийиктигин да, салыштырмалуу унутулууну да, биригүү жана статусун калыбына келтирүүнү башынан […]

Сизге жагышы мүмкүн