Польша АКШнын өзөктүк куралын жайгаштырышы мүмкүн

Автор

Польшанын премьер-министри Моравецкий НАТО уюмун  өлкөсүнө  америкалык ядролук куралды жайгаштырууга чакырды

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Варшава Орусиянын тактикалык өзөктүк куралын Беларустун аймагында жайгаштырууга байланыштуу НАТОнун өзөктүк куралды биргелешип колдонуу программасына (Nuclear Sharing) катышууну каалай турганын билдирди.

«Биз бүткүл НАТОну өзөктүк куралды бөлүшүү программасына катышууга чакырабыз», – деди Польшанын премьер-министри.

Өзөктүк куралды бөлүшүү программасы Кошмо Штаттарга зарыл болгон учурда өзөктүк куралын Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрүнүн аскер-аба күчтөрүнө өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет.

16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Беларуска биринчи өзөктүк куралды жеткиргенин жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Коондун организмге пайдалары

Коон пайдалуу микроэлементтердин, витаминдердин  булактарынын бири болуп эсептелет. Ушунчалык даамдуу болгондуктан, коонду  ашыкча жеп коюу абдан оңой жана бул өз кезегинде терс кесепеттерге алып келет. Коон адамдын денесинин көптөгөн системаларына жана органдарына дарылык таасирин тийгизет.  Нерв системасын бекемдейт, маанайды жакшыртат… Коонду түзгөн компоненттердин жардамы менен мөмө серотониндин өндүрүшүн стимулдайт, же […]

Сизге жагышы мүмкүн