Иран АКШнын Ирактагы консулдугуна сокку урду

Автор

Иран АКШнын Ирактагы консулдугуна жана аскерий базасына ракеталык чабуулдарды жасады.
Ирактын Эрбил шаарындагы АКШнын консулдугу Иран тараптан баллистикалык ракета менен аткыланганын билдирди. Бул соккулар үчүн жоопкерчиликти Ирандын элиталык армиясы болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусу алган. “Ирандын душмандары тарабынан жасалган соңку террордук кылмыштарга жооп иретинде тыңчылардын штабы баллистикалык ракеталары менен чабуулга алынып, жок кылынды”,-деп айтылат Иран армиясынын билдирүүсүндө. Алардын айтымында, ирандык аскерлер консулдукка гана эмес, америкалык аскерий базаларга да кол салышкан.
Окуяда төрт киши каза болуп, алтоо жарадар болгон. Бирок Ирактын коопсуздук кызматтарынын маалыматы боюнча, чабуулдан америкалык аскер кызматкерлери же дипломаттар жабыркаган эмес.
Ирак өкмөтү бүгүн коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрөт. Жыйындын негизги маселеси, Ирандын Ирактын аймагын бузганы жана Ирандын эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук келишимин аткарбагандыгы болуп саналат.
Ак сарайдын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эдриен Уотсон ирандык аскерий чабуулдарды “эч кандай ойлонулбаган жана так эмес соккулар” деп атады.
“Биз Ирактын түндүгүнө жана Сириянын түндүгүнө түшкөн ракеталарга көз салдык. Америкалык аскер кызматкерлери же америкалык объектилер зыянга учураган жок. АКШ болгон окуяга баа берүүнү улантат жана Ирактын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт”,-деди Ак сарайдын өкүлү.

Бөлүшүү:
Next Post

“Кыргызстан -Таиланд": Азия Кубогунда "Ак шумкарлар" ак түстөгү формада ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун “F” тайпадагы старттык Таиландка каршы оюнунда ак түстөгү формада ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. “Таиланд-Кыргызстан” оюну бүгүн, 16-январда “Абдулла бин Халифа” стадионунда өтөт. Беттеш жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. “Ак шумкарларга” күйөрмандык кылам дегендер […]

Сизге жагышы мүмкүн