Аптанасаат: “Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт”

Автор

Бул ирет Азирети Усмандын насааттарын сунуштайбыз:

1. Дүйнө үчүн кайгыруу – жүрөккө караңгы, акырет үчүн кайгыруу – жүрөккө нур.

2. Заманды салыштырбаган тагдырларды тааный албайт жана келечек күндөрдүн эмне убада кылганын да биле албайт.

3. Эң чоң жоготуу – акырет сапары үчүн азык камдалбаган узун өмүр.

4. Бүткүл иштер Аллахтын буйругу менен болгонун билсе да, колунан чыгарып ийгендиги үчүн капалангандарга таң калам.

5. Кылган күнөөлөрүңөрдү кандай жашырсаңар, кылган жакшылыктарыңарды да ошондой жашыргыла.

6. Албетте, дүйнө убактылуу. Акырет болсо түбөлүктүү. Убактылуу болгон силерди кутуртуп, азгырбасын, түбөлүктүү болгонго тоскоол болбосун. Силер убактылууну эмес, түбөлүктүүнү тандагыла.

7. Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт.

8. Такыбаалык – Аллахтын азабына карата калкан жана Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн арачы.

9. Эгер жүрөгүңөр чын эле таза болгондо, Куран окуганга тоймок эмессиңер.

Цитаталар “Төрт хадифадан насаат” китебинен алынды

Бөлүшүү:
Next Post

Фин музыканттары Израилди Евровидение сынагынан четтетүүнү талап кылды

Финляндиядан келген 1400дөн ашык музыкант Yle улуттук телерадиокомпаниясынан Израилди 2024-жылкы «Евровидение» музыка сынагына катышууга тыюу салуу үчүн Европа телерадиоберүү биримдигине кысым көрсөтүүнү талап кылган петицияга кол коюшту. Европа телерадиоберүү биримдиги Израилге катышууга уруксат берген учурда петициянын авторлору Yleден сынакка бойкот жарыялоону жана Евровидениеге фин өкүлүн жибербөөнү талап кылышат. Yle Украинадагы […]

Сизге жагышы мүмкүн