Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды

Автор

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен 3 майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы 7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат.
Аймактар боюнча ардагерлердин саны төмөнкүдөй: Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 5.
Ошондой эле өлкөдө 552 ооруктун эмгекчилери жашайт. Майыптыгы бар 86 ооруктун эмгекчилери айына 2000 сом, калгандары 1000 сом компенсация алышат.
Жогоруда аталган категорияларга республикалык бюджеттин каражаттарынан Министрлик төлөп берүүчү бир жолку төлөмдөр да каралган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон, ооруктун эмгекчилерине жана согуш учурунда курман болгондордун жесирлерине 15 миң сомдон берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Адахан Мадумаровду сатып кетиштиби?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров камактан бошогон күнү партиялаш депутаттарынын басып барбаганы коомчулукта бүдөмүк ойлорду жаратты. Мындан улам “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы чилдей тарап, ынтымагы ыдыраганы айтылса, бир жагынан депутаттар Исхак Масалиев менен Гуля Акматкулованын туруктуулугуна баа берип жатышат. Өткөн жумада бир радиого маек берген Адахан Мадумаров “биздин партиянын тизмеси […]

Сизге жагышы мүмкүн