4-майда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 4-майда өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Нарын, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз 12…17;

 

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз 10…15;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +8…+13, күндүз 22…27;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

 

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

 

​Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…15 градуска чейин жетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Сабина Алтынбекова дүйнөнүн эң бай 20 волейболчунун  катарына кирди

Казакстандык атактуу спортчу Сабина Алтынбекова дүйнөнүн эң бай 20 волейболчу айымдардын  катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда. Маалыматка ылайык, атактуу спортчу 4,6 миллион доллар менен 11-орунда турат. Бул баскычка ал клубдардан түшкөн суммалар, демөөрчүлүктөн түшкөн киреше жана кыймылсыз мүлккө салынган инвестиция эске алынганы айтылууда. Рейтингдин эң бай […]

Сизге жагышы мүмкүн