Армениянын лидери Азербайжанга келет

Автор

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бакуга расмий визит менен келет. Мындай маалыматты политолог Мехмет Эсеттуллазаде билдирди. Маалыматка караганда, Армения-Азербайжан менен болгон тарыхый душмандыкка чекит коюп, коңшулук жана достук алаканы чыңдоого кадам таштайт. Мунун далили катары 30 жылдан бери ээлеп отурган 4 кыштагын Азербайжанга кайрадан өткөрүп бериши, Карабактан биротоло кетиши көрсөтүлгөн. Ушул жылдын ноябрь айында белгиленген эки тараптуу жолугууда түбөлүк тынчтык келишимине келүү резолюциясы кабыл алынат.
Өткөн айда Никол Пашинян өкмөттүн жыйынын өткөрүп жатып, кошуна мамлекеттер менен ынтымак болуу демилгесин көтөрүп, Азербайжандын инвестициясын Ереванда күтүп жатабыз деп билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Биттен кантип арылуу керек?

Биттер адамдын же жаныбарлардын каны менен азыктанган кичинекей курт-кумурскалар болуп саналат. Алар баштын терисинде, денеде же чачта жашап, кычышууну, кыжырданууну жана ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн. Бул көйгөйдү толугу менен жок кылуу үчүн атайын каражаттарды жана дарылоону колдонуу менен чечүү керек. Биттен арылуу үчүн төмөнкүлөр керек: 1. Колдонуу биттерге каршы атайын шампундар […]

Сизге жагышы мүмкүн