Россия АКШ жана союздаштарынын соккусу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын талап кылды

Автор

Россия АКШ жана союздаштарынын Йемендеги хуситтерди бутага алган соккусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды. Жолугушууну бүгүн, 12-январда Москва убактысы боюнча 18:00дө баштоо сунушталууда.
Бул соккулар ХАМАС кыймылы менен байланышы бар Кызыл деңиздеги эл аралык кемелерге жасалган чабуулдарга жооп болду. АКШнын президенти Жо Байден кол салуу Австралия, Бахрейн, Канада жана Нидерландиянын колдоосу менен жасалганын айтты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Схинас Бишкекке келет

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Схинас 15-январда Бишкекке келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Схинас сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн