Аптага кыскача анализ: Алабарман алаксытуу

Автор

АЛАБАРМАН АЛАКСЫТУУ.  ТУУНУ ЖЕРИГЕНДЕР. ДОГДУРГҮЛ. КАРЫ ЕВРОПА.

Ыйлаган бөбөктү алаксыткан акыбал көбөйдү. Жарык өчөт, же өчпөйт. Аспеков кайра камалды. МЭР кетет,кетпейт. Ага кыргыз туусун жеригендер кошулду. Ошондон эл, мамлекет оңолсо, өзгөртүп алгыла! Колуңардан келеби?!

Рахмонду Европада жумуртка бараңга алышты…Дегеле биз дин “билермандар “акыркы ФОРУМ-ЖЫЙНАЛЫШ аттууну ийне жибин адатынча териштирбей тынч… Демек, мактана турган нерсе жок!

Өкмөт башчы менин ордума жети баштууну алып келсең деле ушул деп агынан айтты.  Догдургүл батинкесин беш жолу алмаштырып жүгүрсө да, кыргыз билим берүүсүнүн келечегин негиздеген идеясы аны ашыра турган эрки болбосо,болбогон иш экенин өзү билбесе керек! Иштебеген даараткана, кыйналган аппарат, айтор өзү жаңы байкаган көйгөй, тээ орун басар болуп турганында да болгонун эскертчүлөр чекеде… Ким кимге кофе алып берет, аны да мезгил көрсөтөт. Мектепти жакшы билет. Батышчыл. Команда жок…Ал аңгыча, ТООЛОР ГАНА ойго түштү…

Датка Муслим кызы

Бөлүшүү:
Next Post

Киев НАТО үчүн аймагынан баш тартпай турганын билдирди

Украина НАТОго кирүү үчүн да өз аймактарын сатпайт.  Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Евгений Перебейнис билдирди. «Украина өз аймактарын эч нерсеге алмаштырбайт.  Мен НАТОдон да, биздин башка батыш өнөктөштөрүбүздөн да Украинага башка кадамдардын ордуна территориясын берүү боюнча расмий сунуштар болбогонун ырастай алам»,-деп кошумчалады расмий өкүл. Буга чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн