Алты жылга соттолгон Аспеков камактан бошотулду

Автор

6 жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкты. Анын камактан бошогонун Жаза аткаруу кызматынан маалымдашты.

Мелис Аспеков  «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылууга шектелип 2021-жылы камакка алынган.

Биринчи Май райондук соту 6 жылга эркиндигинен ажыраткан өкүмүн чыгарган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Косоводогу кагылышууларда курмандыктар бар экени кабарланууда

Косовонун түндүгүндө 29-майда жергиликтүү муниципалдык шайлоодон кийин серб активисттери менен НАТО жетектеген KFOR миссиясынын бейпилдик күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. ЖМКлар 70тен ашуун курмандыктар тууралуу кабарлашууда. Тополоң үч конушта башталган. Көптөгөн сербдер жашаган Звечан, Лепосавич жана Зубин Потокто башка элдин, албандардын өкүлдөрү мэр болуп шайланышты. Жаңы мэрлер ишин баштагандан кийин жергиликтүү […]

Сизге жагышы мүмкүн