Косоводогу кагылышууларда курмандыктар бар экени кабарланууда

Автор

Косовонун түндүгүндө 29-майда жергиликтүү муниципалдык шайлоодон кийин серб активисттери менен НАТО жетектеген KFOR миссиясынын бейпилдик күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. ЖМКлар 70тен ашуун курмандыктар тууралуу кабарлашууда.
Тополоң үч конушта башталган. Көптөгөн сербдер жашаган Звечан, Лепосавич жана Зубин Потокто башка элдин, албандардын өкүлдөрү мэр болуп шайланышты. Жаңы мэрлер ишин баштагандан кийин жергиликтүү тургундар көчөгө нааразычылык акциясына чыгышкан. Маалыматтарга караганда, кагылышуу учурунда 50дөн ашык жергиликтүү тургун жана жергиликтүү администрацияларды курчоого алуу тапшырмасы берилген Түндүк Атлантикалык альянстын KFOR (Косово күчтөрү) миссиясынын 40ка жакын аскер кызматкери жарадар болгон.
Жума күнү, 26-майда, сербдер албаниянын жаңы мэрин жумуш ордуна чейин узатып жаткан полицияга кол салышкан. Косово полициясы демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте дагы чыр чыкты

Жогорку Кеңештин 30-майдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде Курултайчылар менен депутаттар ортосунда чыр чыкты. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “өлкөдө кандайдыр бир кырдаал жаралып калса, Курултай жыйналып, чечимдерди кабыл алып берет, мындай абал бизде жаралган”,- деди эле депутаттар ызылдап кетишти. Депутат Мейкинбек […]

Сизге жагышы мүмкүн