Министрлер кабинетинин жыйынында 10 маселе каралды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-апрелде өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде 10 маселе каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Анда жашап турууга уруксаты (резиденттик картасы) бар 11 чет мамлекет үчүн узартуу чечими кабыл алынды:

Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия Королдугу, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней-Даруссалам Мамлекети, Оман Султанаты жана Бахрейн Королдугу.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын визалык режимин либералдаштыруунун, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында кабыл алынды”,- дейт маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Израиль Ливан менен Газага сокку урду

Израиль армиясы Израилдин түндүгүнө ракеталык чабуулдан кийин Ливандын аймагына жана Газа тилкесине чабуулдарды баштады. Al Hadath телеканалынын маалыматына караганда Ливандын Тир шаарынын аймагына Израилдин аба күчтөрү алты ракеталык сокку урган. Газа тилкесинде эки туннел жана ХАМАСтын эки курал өндүрүүчү жайына сокку урулду. 6-апрелде Ливандан Израилдин түндүгүнө карай 34 ракета атылган, […]

Сизге жагышы мүмкүн