Карбалас Бакиров: «Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, келет дайым талаалардан ойгонгум…»

Автор

Акынга тагдыр керек деген сөз ырас болсо, анда Карбалас агай да тагдырлуу акын. Агайдын ырларын окусаң тар бөлмөнүн чаңын жутуп олтурбай керилген талааларга, кызгалдак өскөн адырлуу кырларга тезинен жөнөп кеткиң келет. Табийгаттын бир бөлүгү экениңди эстейсиң, сулуулукка кусадар болосуң…

* * *
Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн,
Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн.
Чартылдаган чагылгандар жоголгон,
Чокулардан, түнт токойдон келгемин.

Олтурбагам эки беттен май тамып,
Терезеден булуттарды кайтарып.
Ташкындаган суулар менен аккамын,
Ташка тийип, таштын мизин майтарып.

Олтурбагам далдаасында коргондун,
Мага бакыт азаптары жолдордун.
Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө,
Келет дайым талаалардан ойгонгум!

Вавилондун, кыйраган Вавилондун
Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап,
Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан,
ашып түшүп, талааны барат каптап.

Барат каптап талааны жоокерлердей,
Кулпуларын талкалап аралдардын.
Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып,
Жарып чыгып таштардын тамандарын.

Келаткандай дүйнөлүк салтанатка,
Ээ-жаа бербей сүрүлүп чар тарапка
Өчүрүп көр, эми сен жер үстүнөн,
Тебелеп да, таптап да, балталап да.

Болгон менен эң назик — так көшөрлөгөн,
Ашкан өжөр таппадым, көк чөптөрдөн.
Урандылар, мүрзөлөр арасынан,
Таазим сага, тирүүлүк баш көтөргөн!

* * *

Тыюу салган жактарга ташта кадам,
Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.
Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,
Баш тартамын жадатма сентябрдан.

Уктай берип жармыңар өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн
Коркпогула деңизге жолуккандан.

Не жаңылык бейтааныш тараптарда?
Канатыңды кайрыба камап тамга.
Короочулар аяймын силерди мен,
Булут көчүп, кайдадыр баратканда.

* * *

Чындыктын салмагына карабаган,
Бул дүйнө азап чегет таразадан.
Ушактын мүрзөлөрү болбойт окшойт,
Түгөнгүс мен тууралуу – жарамазан.
Кетпедим, бир ыр жазып келиш үчүн,
Түмөндөн, Уэленден, Магадандан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Азия Кубогунун финалында “Иордания-Катар” беттешет

Бүгүн, 10-февралда Азия Кубогунун финалдык оюну өтөт. Финалда 16 команданын ичинен суурулуп чыккан Иордания жана Катар курама командалары беттешет. Иордания өз тарыхында биринчи жолу финалга чыкты. Ал эми Катар 2019-жылы да чемпиондукту жеңип алган. Иордания менен Катар буга чейин 17 жолу беттеш өткөргөн. Анда 10 оюнду Катар жеңсе, беш оюнда […]

Сизге жагышы мүмкүн