Алтын кендеги жер көчкүдө адамдар урандыда калды

Автор

Түркиянын Эрзинжан аймагындагы алтын кенинде жер көчтү. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы , Али Йерликая шахтадагы 667 жумушчунун тогузу дайынсыз экенин билдирди. Издөө иштерине 400 куткаруучу тартылды.
Министр Йерликаянын айтымында 800 метр жылган массасынын жалпы көлөмү учурда 10 миллион куб метр деп эсептелди.
Түркиянын Юстиция министрлигинин башчысы Йылмаз Тунчтун маалыматына караганда окуя боюнча административдик иликтөө башталып, аны төрт прокурор жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Балбак Түлөбаев абитуриенттердин кыргыз тилинен тест тапшырышына каршы чыкты

Абитуриенттердин милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест тапшыруусуна Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев каршы экендигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү “Жакында мамлекеттик сыноолор башталат. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер кыргыз тилинен да сыноодо өтүшөт деген буйрук чыгарыптыр, бул кандай болуп калат”,- деп […]

Сизге жагышы мүмкүн