Алматы-Бишкек жолу убактылуу жабылды

Автор

Аба ырайына байланыштуу Алматы-Бишкек жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат
Ал эми Казакстанда аба ырайы начарлап, Кордай ашуусу жабылганына байланыштуу Бишкек-Алматы жолунда унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.
Чек ара кызматы узак жолго чугууда аба ырайынын шарттарын эске алууну, жолдун ар кайсы тилкелеринде узакка токтоп турууга даяр болууну, керектүү буюмдарды камдап алууну сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО Украинага 1 миллион учкучсуз учак берет

НАТОго мүчө мамлекеттердин тобу Украинага 1 миллион учкучсуз учуучу аппарат берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги НАТОго мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусу боюнча маалымат жыйынында билдирди. Столтенбергдин айтымында, НАТО Польшада Украина менен биргелешкен машыгуу борборун түзүүнү чечти. Баш катчы белгилегендей, борбордо украин аскерлери согуш учурунда алган сабактары […]

Сизге жагышы мүмкүн