Депутат коллегасына нааразы

Автор

“Эмил Жамгырчиевдин менин тереземден секирип кетишине мен күнөөлүү эмесмин. Секирип кетээрин да билген эмесмин”,-деп билдирди депутат Нилуфар Алимжанова. Учурда анын иш бөлмөсү убактылуу жабык. Ал УКМКнын тергөө кызматкерлерине окуя боюнча түшүндүрмө бергенин, депутат Эмил Жамгырчиевге коңгуроо кылып, бирок, сүйлөшө албаганын, эгер сүйлөшүп калса, “эмне үчүн менин бөлмөмдөн секирип кетесиз”,- деп сурамакмын дейт депутат. Өткөн жумада Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга депутаттык комиссия макулдук бергенден кийин аталган депутат Жогорку Кеңештин терезесинен качып кеткен. Кийин УКМКга тергөөгө өзү барган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 7,5 миң сомду түздү

2023-жылы өлкөдө орточо жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 7%га көтөрүлдү. “Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму айына 8 миң 579 сомду, пенсия курагындагылардыкы 6 миң 816 сомду, балдардыкы 6 миң 544 сомду түздү”, – деп айтылат маалыматта. Ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн