НАТО Украинага 1 миллион учкучсуз учак берет

Автор

НАТОго мүчө мамлекеттердин тобу Украинага 1 миллион учкучсуз учуучу аппарат берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги НАТОго мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусу боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Столтенбергдин айтымында, НАТО Польшада Украина менен биргелешкен машыгуу борборун түзүүнү чечти.
Баш катчы белгилегендей, борбордо украин аскерлери согуш учурунда алган сабактары менен бөлүшөт. Ошондой эле НАТОдогу кесиптештери менен бирге машыгып, окуй алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Стадиондордо спирт ичимдиктерин сатуу сунушталды

Россиянын футбол союзунун ардактуу президенти Вячеслав Колосков стадиондордо спирт ичимдиктерин сатуу мүмкүндүгү тууралуу айтып чыкты Спорт аткаминери стадиондордо сыра сатууну жактаган. «Керек болсо мен арак ичүүгө уруксат бермекмин! Бирок муну маданий шарттарда жасоо керек. Стадиондо жакшы бар болушу керек, анда матчтын алдында келип, футболду талкуулап, бир-эки стакан ичип алсаңыз болот», […]

Сизге жагышы мүмкүн