Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаа топтолду

Автор

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кен-Булуң» өткөрмө бекеттеринде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, «Кең-Булуң» постунун алдында 121, ал эми «Ак-Тилек» постунун алдында 395 унаа кезекте турат.

«Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда», — деп айтылат маалыматта.

Мекеменин маалыматына караганда, ошол эле учурда кыргыз тарапта да, казак тарапта да унаалардын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок, өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда парламенттер аралык кызматташтыкка кол коюлду

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Беларустун Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү документке КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушуусунда кол […]

Сизге жагышы мүмкүн