Элдар Абакиров Ваучердик система боюнча түшүндүрмө берди

Автор

“Кыргызстанда 2 жаштан 6 жашка чейин бала бакчага бара турган 1 млн 150 миң бала бар. Ошонун 200 миңге жакыны гана бала бакчага барат, калган 900 миңден ашыгына бала бакчалар жетишпейт. Өспүрүмдөр бала бакчага барган учурунда билим алса, 16 жашка чыкканда жемишин берет. Мектепке барган учурунда инвестиция кылсаңыз, анда 5 эле пайыз таасирин тийгизет экен. Бала бакчага барган бала менен бөрбаган баланын айырмасы асман менен жердей. Мындан улам Өзбекстан 50 пайыздан жогору, Казакстан 95 пайыз балдар бакчасын камсыздап коюшту. Бул көрсөткүч бизде 24 гана пайыз”,-деп билдирди Элдар Абакиров.
Депутат коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, Ваучер системасын сунуштап жатышканын, министр сентябрь айында билим берүү системасына киргизээрин айтты.
“Ваучердик система кандай? Ар бир балага мамлекеттен белгилүү сумма берилет. Маселен, 2 миң сом болушу мүмкүн дейли. Ал каражат бала кайда барбасын, тарбиячынын жана окутуучунун айлыгына кошулат. Тамак ашын ата – энелер чечсе, имаратын жергиликтүү бийлик камсыздап берет. Же, жеке ишкерлер бала бакча салам десе, ошол өзү чечет”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Таш талашка түшчүлөр көбөйдү

Экс-депутат Айбек Осмоновдон бошогон №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттык жарышка мурдагы депутат Азамат Арапбаевдин катышаары айтылууда. Аны менен кошо шаардык Кеңештин кээ бир депутаттары да бар. Өлкөнүн эң бай делген адамы Азамат Арапбаев “Ата-Журт”, КСДП партияларынан 2008-2010 жана 2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Шайлоодо жеңип келээрине ишеним менен […]

Сизге жагышы мүмкүн