Ак сарай: Украинага чукул жардамга гана каражат калды

Автор

АКШда Киевге чукул аскердик жардам көрсөтүү үчүн гана каражат бар экенин Ак сарайдын басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер журналисттер үчүн брифингде билдирди.
Ал бюджеттик талаш-тартыштардан улам Украинага аскердик жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Кошмо Штаттардын жалпысынан канча акчасы бар деген суроого жооп берди.
Анын айтымында, бул каражаттар Украинанын согуш талаасындагы чукул муктаждыктарын канааттандырууга жетиштүү, бирок бул узак мөөнөттүү чечим эмес.
“Пентагон АКШ өзүнүн резервинен президенттик башкаруу органы аркылуу Киевге жөнөтө турган каражаттын көлөмү тууралуу так маалымат бере алат”,-деген Жан-Пьер жакын арада АКШ Украинага дагы бир аскердик жардам пакетин берерин кошумчалады.
Буга чейин Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер АКШ Конгресс тарабынан каражат бөлүнбөгөндүктөн Украинага узак мөөнөттүү жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди каржылоону токтотконун билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

 Имбирдин ири пайдалары

ИМБИРДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АРЫКТАП, СУЛУУ БОЛУҢУЗ Буга чейин бир нече жыл мурун имбир тамырына көп деле маани берилчү эмес. Бирок, анын тарыхы 2 миң жыл мурун эле пайда болгон. Ал эми азыр болсо анын ден соолук жана сулуулук үчүн көптөгөн пайдасы бар экендигин билгенден бери, ага болгон суроо-талап күчөгөндөй. Айрыкча, […]

Сизге жагышы мүмкүн