Имбирдин ири пайдалары

Автор

ИМБИРДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АРЫКТАП, СУЛУУ БОЛУҢУЗ

Буга чейин бир нече жыл мурун имбир тамырына көп деле маани берилчү эмес. Бирок, анын тарыхы 2 миң жыл мурун эле пайда болгон. Ал эми азыр болсо анын ден соолук жана сулуулук үчүн көптөгөн пайдасы бар экендигин билгенден бери, ага болгон суроо-талап күчөгөндөй. Айрыкча, кытайлыктар бул тамырды улуттук тамак- аштарына колдонуп, атактуулугун арттырган.

ЖАШАРТУУЧУ МАСКА

Бул маскага сөөмөйдүн учундай имбирдин тамыры, шпинат, бир банандын жарымы жана 3 чай кашык бал керектелет. Имбирди, шпинатты майда көздүү кыргычтан өткөрүп, бананды кошуп, балды салып аралаштырасыз. Андан соң бетти таза жууп, масканы сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

ИМБИРДЕ КАНДАЙ ПАЙДАЛУУ ЗАТ БАР?

Имбирдин даамы таттуу-кычкыл даамданып, эфир майларындай жагымдуу жытка ээ. Мындай курамы менен имбир майларды эритүүчү касиетке ээ. Демек, имбирди колдонуп ашыкча салмактан арылууга болот. Мындан сырткары, имбир тамырынын курамында адам баласынын организмине пайдалуу витаминдер, органикалык майлуу кислоталар жана кичи элементтер бар. Ошондуктан кайсы бир ооруну таптакыр айыктырып жок кыла албаса да, жеңилдете турган мүмкүнчүлүгү бар.

ИМБИР-ТАБИГЫЙ МАЙ ЭРИТҮҮЧҮ

Имбир ашыкча салмактан арылууга башка заттарга караганда, салыштыргыс экенин буга чейин байыркы гректер билишкен. Имбир тамак сиңирүүнү жакшыртат, ачкалыкты жоготот жана зат алмашууну калыбына келтирет. Андыктан тамакка чейин 30-40 мүнөт мурун имбирдин маңызын ичип койсоңуз, көпкө чейин ток жүрөсүз жана кандагы холестериндин деңгээлин калыбына тушүрүүгө шарт түзгөн болосуз. Организмди зыянсыз заттардан, шлактардан, уулардан жана токсиндерден тазалайт. Ошондуктан спирт ичимдиктеринен же козу карындан уулангандарга имбирдин майы абдан жакшы жардам берет. Заара бөлүп чыгарууну жөнгө салат. Иммунитетти көтөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Nike дүйнөдөгү эң баалуу деген наамын сактады

Америкалык спорт буюмдарын өндүрүүчү Nike Inc. кийим-кече жана аксессуарлар категориясындагы эң кымбат бренддердин дүйнөлүк рейтингинде дагы бир жолу лидер болду. Nike 2015-жылы алгачкы отчету чыккандан бери биринчи орунду сактап келет. Жыл ичинде америкалык өндүрүүчүгө таандык бренддин баасы 5,6 пайызга төмөндөп, болжол менен 31,3 миллиард долларды түздү. Экинчи орунда былтыркыдай эле […]

Сизге жагышы мүмкүн