Ак-Кула ипподромунун жер тилкеси аукционго коюлат

Автор

Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет.
Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.
Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.
Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.
Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын “аукциондун кадамына” ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аарылардын тери

Бал аарынын бактылуу өмүрү болжол менен 6-7 жуманы түзөт. Жумушчу аары 6 жумалык жашоосунда бир чай кашыкка жакын гана бал өндүрөт. Өмүр бою талыкпай эмгектенген аары чыгарган балды, биз эртең мененки тамакка чайга салып ичебиз. Бирок эч качан ага кеткен аракетти ойлобойбуз. Бир килограмм бал алуу үчүн аары тобу 14 […]

Сизге жагышы мүмкүн