Айдоочуларга эскертүү! Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар :
Бишкек – Ош унаа жолунун
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун
55-115 чакырымы;
Ала-Бука – Каныш – Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымындары.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
«Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мечитке айландырылган мектеп кайтарылды

Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бирдик айылындагы мектептин баасы 709 чарчы метр жери менен 22 миллион 84 миң сомду түзөт. Ысык-Ата райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кант райондук администрациясы (азыркы Ысык-Ата райондук администрациясы) жана […]

Сизге жагышы мүмкүн