АКШ 80 миллион долларлык учагын жоготту

Автор

АКШ армиясы 80 миллион долларлык F-35 согуштук учагын издөөдө коомчулуктан жардам сурады.  Учак белгисиз себептерден улам чөлдүн бир жерине кулап түшкөн.
Жаңы F-35B Lightning II согуштук учагы жекшемби күнү түштөн кийин Түштүк Каролинада дайынсыз жоголду.  Аны менен эмне болгону азырынча белгисиз. Расмий маалыматтарга караганда, учкучтун абалы жакшы, ал ооруканада.
F-35 көп максаттуу согуштук учактын баасы болжол менен 80 миллион долларды түзөт.  Бул стелс технологиясын колдонуу менен жасалган учак, башкача айтканда, ал радарга  араң байкалат.  Учак Чарлстон шаарынын түндүгүндөгү аймактарда  изделүүдө.  Коомчулуктан аскерий жана жарандык бийлик менен кызматташууну суранган  аскер базасынын өкүлдөрү учак тууралуу маалыматы бар болсо, алар менен байланышууну өтүнүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Финляндиянын президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров  Нью-Йорк шаарында  өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистьё менен жолугушту. Анда эки элдин мамилесинин жогорку деңгээлге чыгышына кызыктар экендигине токтолду. “Абдан тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек  Текебаевди элчи катары жөнөтүп, ага мамилелерди чыңдоо боюнча тапшырма бердик”,- деди президент. Өз […]

Сизге жагышы мүмкүн