Пугачева күтүүсүз байланышка чыгып, сүрөттөрүн жарыялады

Автор

Израилди таштап, айрым маалыматтар боюнча Кипрге, кээ бир маалыматтар боюнча АКШга көчүп кеткен ырчы Алла Пугачева күтүүсүздөн байланышка чыгып, үй-бүлөсү менен жаңы сүрөттөрүн күйөрмандары менен бөлүштү. Примадонна соцтармактардын бирине төрт ай ичиндеги алгачкы постун жарыялады.
Сүрөттөрдө сүрөтчү күйөөсү, куудул Максим Галкин жана балдары – Лиза менен Гарри болгон. Анда Пугачева “Биз жашайбыз”, деген жазуу калтырган.
Сүрөттөр так кайда жана качан тартылганы белгисиз.  Атактуу ырчы өзүнүн жүргөн жери тууралуу азырынча эч кимге жооп берген эмес.
Ырчы үй-бүлөсү менен Россия Федерациясынан 2022-жылдын жазында, атайын операция башталгандан көп өтпөй чыгып кетишкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноябрда аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын айлык температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди. Чүй облусу Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 3…5, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1… +1 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6га чейин, күндүз 3…8ден […]

Сизге жагышы мүмкүн